20 жаштагы кыз ата-энеси аны хиджаб кийүүгө мажбурлап жатканын айтып, “Сезим” борборуна кайрылган

Бишкекте 20 жаштагы кыз ата-энеси аны хиджаб кийүүгө мажбурлап жатканын айтып, “Сезим” борборуна жардам сурап кайрылган.

Бул тууралуу аталган борбор Инстаграмм баракчасында билдирди.

Кыздын айтымында, аны ата-энеси хиджаб кийбегендиги үчүн күч колдонуп, окуусуна жибербей, психологиялык жактан кысымга алып жатканын айткан. Кыздын жиндерин чыгарабыз деп, молдого алып барып, белгисиз суюктук куюлган бочкага салып, башын малып, шланг менен урганын да кошумчалады.    

“Алар (ата-энеси) мурда андай болгон эместигин, бирок кийинки учурларда динге катуу берилип кетти” деп айткан ал кыз.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты