“Коомго кызмат кылууга арналган өмүр”. Бүбүсара Рыскулова БУУнун эстелик белгисине татыктуу болду
- 1 месяц мурун
“Сезим” кризистик борборунун негиздөөчүсү Бүбүсара Рыскулова Бириккен Улуттар Уюмунун “Коомго кызмат кылууга арналган өмүр” аттуу эстелик белгисине татыктуу болду.
“Сезим” кризистик борборунун негиздөөчүсү Бүбүсара Рыскулованын эмгеги Кыргыз Республикасындагы аялдардын укугу үчүн күрөш кыймылынын башатында тургандардын бири катары Нью-Йорк шаарында, Бириккен Улуттар Уюмунун 70-сессиясында белгиленгендигин биз сыймык менен билдиребиз. Бүбүсара Рыскулованын эмгеги БУУНун аялдардын абалы боюнча комиссиясынын сессиясында белгиленгендиги — анын аялдардын укугун коргоо, зомбулуктан жабыр тарткан жана биздин өлкөдө жардам системасынын өнүгүшүн коргоого арналган эмгегинин бааланышы көп жылдык эмгегинин жогору бааланышы. Бул — “Сезим” кризистик борборунун жамааты үчүн өзгөчө сыймык жана гумандуулук, кажыбас кайрат жана ишеним менен ар бир аялзатынын коопсуздугун жана беделин коргоого багытталган ишти улантууга шыктандырат. Биз Бүбүсара Рыскулованы куттуктап, Кыргызстандагы аял укугун коргоого кошкон салымына ыраазылык билдиребиз ” деди “Сезим” кризистик борборунун жамааты.
Сүрөт: Бүбүсара Рыскулова ортодо. «Сезим» борбору тараткан.




