20 миллион сомго алдашкан: «Феникс» компаниясындагы алдамчылык ачыкталды
- 2 месяца мурун
Ички иштер органдарына Т.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, «Феникс» компаниясы менен О.Н. ге чара көрүүнү суранган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылы бул аял ишенимге кирип, бир жыл ичинде кэшбэк алып берүү шылтоосу менен андан 34 500 сом алган. Бирок өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбай, белгисиз тарапка жашырынып кеткен.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (алдамчылык) каралган кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМ кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган жаран О. Н. аттуу жаран кармалган.
Бүгүнкү күндө шектүүгө 26 адам арыз менен кайрылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча келтирилген зыяндын суммасы болжол менен 20 миллион сомдун тегерегинде. Маалыматтарга ылайык, жабырлануучулардын саны дагы өсүшү мүмкүн.
Тергөө улантылууда.

Сүрөттөр: ИИМ




