20 миң доллар пара менен кармалган Чүй облпрокуратура башкы адиси камакка алынды (Видео)  

Мурда маалымдалгандай, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы менен бирге 23-июнда 20 000 АКШ долларын алып жаткан жеринен Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн башкы адиси А.У.А.ны кармаган.

Ал арыз ээсине жүргүзүлгөн текшерүүнүн материалдарынын негизинде кылмыш ишин козгобоо үчүн 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө опузалап акча талап кылган.

Ушул жылдын 24-июнунда кармалган кызматкер тергөө аяктаганга чейин КР УКМКнын тергөө абагына камалды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты