2 миллион сом пара опузалап алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
- 3 года мурун
2 миллион сом опузалап алып жатканда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү З.Б. жана С.А аттуу жарандар 12-ноябрда кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Кармалган жаран Б.И. аттуу КР жаранын коркутуп, 2 миллион сом акча каражатын опузалап талап кылганы аныкталды.
Кармалган З.Б. Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жүрүп жаткандыгы белгиленди.
Муну бөлүшүү