Жаңы иликтөө: Райымбек Матраимов бажы тармагын акча жасоочу аппаратка айланткан (ВИДЕО)
- 4 года мурун
Журналисттер Али Токтакунов жана Болот Темиров Кыргызстандын бажы агенттигинин жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупциялык иштеринин бетин ачкан жаңы иликтөө жүргүздү.
Али Токтакунов бул тууралуу мындай дейт:
-Райымбек Матраимов Кыргызстандын бажы тармагын мамлекет ичиндеги мамлекетке, өз чөнтөгүнө миллиондоп акча жасоочу аппаратка айланткан. Анын ондогон тууган-урук, дос-чары бул системада иштешет. Алар коррупциялык схеманы гүлдөтүп, колдоочусу жок карапайымдарды сүрүп чыгарып турушкан.
Райымбек Матраимов бизнеси жок эле байып, мамлекеттик башкарууга, кеминде эки президент: Атамбаев менен Жээнбековдун
Улуттук коопсуздук мамалекеттик комитети бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жанында жүргөн жана бул тармактагы коррупциялык схемаларга аралашкан 40 киши аныкталганын билдирди.