​Сыймык Жапыкеев финполиция жетекчилигине дайындалды

  • 4 года мурун

Сыймык Жапыкеев экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы ЖМКга кабарлады.

Буйрукка Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койгону белгилүү болду.

Буга чейин төрага болгон Бакир Таиров кызматтан бошотулган. Ортодо төрагалык кызматка Сагынбек Абдылдаев дайындалгандыгы тууралуу маалымат тараган. Эми Сыймык Жапыкеев төрага болуп дайындалды.

Сыймык Жапыкеев — прокуратуранын мурдагы кызматкери. “Чоң казат” партиясынын мүчөсү болуп, митинггге чейин жана андан кийин коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелегени менен белгилүү болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты