​»Кыргызстан» партиясы БШКнын шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу чечимине каршы Жогорку Сотко кайрылганы такталган жок

Кечээ, 14-октябрда, укук коргоочу Динара Ошурахунова өзүнүн Фейсбук баракчасында “Кыргызстан” партиясы БШКнын шайлоо жыйынтыктарын жокко чыгарган чечимине каршы Жогорку сотко кайрылгандыгын билдирген.














“Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова биздин редакцияга бул маалыматты сот чөйрөсүнөн ишеничтүү адамдан алышканын билдирди:

“Бизге ушундай маалымат келгендигинен коңгуроо кактык. Мага сот чөйрөсүнөн ишеничтүү адам арызды биринчи инстанция кабыл албай койсо, жогорку сотко кайрылышыптыр, Жогорку Сот кабыл алып, аны карайт экен деген маалыматты айтты. Мен ал адамдын атын атай албайм. Эгер Жогорку Сот бул арызды карай баштаса, мен таң калбайм. Анткени азыр көп чечимдер басым алдында кабыл алынып жатат”, — деди Клара Сооронкулова.

2020-жылдын 15-октябрына карата Жогорку Сотто шайлоо келишпестиктери боюнча арыздар жок. Бул туралуу Жогорку Сотттун маалымат кызматынын өкүлү Чынара Мамытканова билдирди:

“Жогорку Соттун карамагында 15-октябрга карата соттун биринчи инстанцияларында шайлоо келишпестиктери боюнча кассациялык арзыдар жок”, — деди Чынара Мамытканова.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова “Кыргызстан” саясий партиясы Жогорку Сотко кайрылгандыгы такталбаган маалымат экендигин жана бул белгисиз тараптын саясий оюну болушу мүмкүн экендигин билдирди.

“Мыйзам боюнча БШКнын чечимин жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылуу мөөнөтү 9-октябрда аяктады. Башкача айтканда, биздин чечимди жокко чыгарыш үчүн 3 күндүн ичинде административдик сотко кайрылышы керек болчу. Эгер административдик сот арызды канааттандырса же канааттандырбаса Жогорку сотко өтөт эле. “Кыргызстан” партиясынын сотто жыйынтыктарга тиешеси жок кечээ бүткөн иши бар болчу. Менин оюмча бул темага ар кайсы саясий күчтөр элди дүрбөтүш үчүн кайрылып жатышат”, — деди БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова.

“Кыргызстан” партиясынын лидери Канат Исаевге байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок. Канат Исаевдин да, анын жардамчысынын да телефондору жеткиликтүү эмес болду.

Эске сала кетсек, БШК 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын 6-октябрда жокко чыгарган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты