Жогорку Кеңеш төрагасын шайлоо маселеси каралып жатат
- 4 года мурун
“Ала Арча” резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында кворум болуп, жыйын күн тартибиндеги маселелерди карап жатат.
Күн тартибинде эки маселе — Бишкек шаарына өзгөчө абалды киргизүү жана Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо маселеси каралууда.
Жогорку Кеңештин төрагалыгына “Кыргызстан” фракциясынан Канатбек Исаевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.
Бүгүн, 13-октябрда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп жатат.
Муну бөлүшүү