«Ала-Арча» резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулуп жатышат

  • 4 года мурун

Бүгүн, 13-октябрда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйынга чогулуп жатат.

Вице-спикер-Аида Касымалиеванын ЖМКга билдиргенине караганда, парламент Бишкекте өзгөчө кырдаал киргизүү маселесин караганы турат. Ошондой эле өлкөдөгү кырдаал тууралуу сөз болот.

Маалыматка караганда, Садыр Жапаровдун өткөн жыйында шайланышынын легитимдүүлүгү тууралуу маселе каралбайт.

12-октябрда Бишкек шаарынын аймагына кайрадан өзгөчө абал режими киргизүү жарлыгы чыкты.

9-октябрда, Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол коюлган. Бирок аны парламент карап, беките элек болду.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты