Эльвира Сурабалдиева: Бул жыйынды ММКлардан угуп келдим
- 4 года мурун
“Ала-Арча” резиденциясында өткөрүлүп жаткан депутаттардын кезексиз жыйынында Бишкек шаарына өзгөчө кырдаал киргизүү маселеси менен бирге Жогорку Кеңештин спикерлигине шайлоо боло турганын ЖКнын депутаты Эльвира Сурабалдиева журналисттерге берген маегинде билдирди:
“Менин түшүнүгүм боюнча Жогорку кеңештин спикерлигине Канат Исаевдин кандидатурасы гана алдыга чыгарылууда. Экинчи талапкер да бар экен, бирок анын ким экени азырынча белгисиз. А мен бул жерге депутаттык милдетимди аткарып кворум болушу үчүн келдим. Эч ким мени бул жыйынга расмий түрдө чакырган жок. Бүгүн ММКлардан жана социалдык тармактардан аталган жыйын тууралуу угуп анан келдим”, — деди депутат.
Бүгүн, 13-октябрда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйынга чогулуп жатат.