Жанар Акаев: Буга чейинки жыйындарга чакырылган эмеспиз

  • 3 года мурун

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарынын жыйынына Жанарбек Акаев дагы келди. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, мурунку жыйындарда “Биримдик” партиясы менен “Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү аларды бөлүп жатканын айтты:

Достук” мейманканасындагы жана “Ала Арча резиденциясында дагы мурунку жыйындарга “Ата мекен” партиясынын өкүлдөрү чакырылган эмеспиз. Бүгүнкү жыйынга дагы жарым саат калганда кабарлашты. Акыркы чогулушта премьер-министрди көрсөтүүдө 61 депутат келбегени үчүн Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыгын легитимсиз деп эсептейм. Бирок, эгер бүгүнкү жыйынга жарымынан көп депутат чогулуп, Жапаров өзүнүн программасын татыктуу сунуштап бере алса, анда премьер-министр болуусун колдоого даярмын”, — деди Акаев.

Ошондой эле Акаев Темирлан Султанбековдун камалышын мыйзамсыз деп эсептеп, каршы пикирин билдирди:

Темирлан Султанбеков камалгандан кийин ошол күнү аянтта жүргөн баарыбызды кармашы керек. Бирок бизге эч кандай чара көрүшкөн жок. Негизи биздин ошол күнкү максатыбыз шайлоонун кайра өткөрүүсүн талап кылуу болчу. Ак үйдү тоноо жана талкалоо эмес эле. Биз андай массалык башаламандык уюштурган жокпуз, Султанбеков да биз менен жүрдү. Эгер бизди да күч органдары суракка чакырса жооп берүүгө даярмын”, — деп билдирди депутат.

Президент кете турган болсо эң алгач өкмөт башчы менен спикерди даярдап кетиши керек экендигин кошумчалады.

Бүгүн, 13-октябрда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйынга чогулуп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты