​Иса Өмүркулов: Садыр Жапаровдун премьер-министрликке каралып жатканын билген эмесмин

  • 4 года мурун

Бүгүн, 13-октябрда, «Ала-Арча» резиденциясында депутаттардын кезексиз жыйыны өтүп жатат.

Жогорку Кеңештин 10-октябрдагы жыйында ишеним менен добуш берген ЖКнын депутаты Өмүркулов болуп өткөн окуяларга комментарий берди.

«Саясатчылардын айткан сөзү менен кылган иши бирдей болсо мындай абалга келбейт элек. Бизге саясий маданияттуулук жетпей жатат. Мисалы, Ак үй талкаланды, ичиндеги бардык оокат мамлекеттики. Аны калыбына келтирүүгө көп каражат талап кылынат. Анын баары тең жалпы элдин чөнтөгүнөн кете турган каражат.
Андан тышкары тышкы инвесторлорго жасаган мамилебиз. Талап-тоноп өрттөп атсак бизге ким келет?.

Болуп жаткан окуяга карата моралдык күнөө, жоопкерчилик бүт саясатчыларда бар. Анын ичинде менде да бар. Шайлоодон кийин өтпөй калган аз добуш топтогон партиялар да көчөгө чыкты. Бир гана жеңген партияларды күнөөлүү деп көрсөтпөш керек. Шайлоодо баары тең бирдей иш-аракет жасады. Аягында колго эсептөө менен чыккан так жыйынтыкты көрбөй калдык. Ким жеңгени белгисиз. Жалпы саясий күчтөр тиешелүү мамлекеттик органдар менен ийри отуруп, түз кеңешип, сүйлөшүп алсак болмок. Бирок, эмоциябыз күчөп кетти.

Баардык кадамдар Конституциянын чегинде болуш керек. Эгерде легитимсиз болсо, ага чет өлкөлүктөр, жарандар күмөн туудурат. Өткөн жыйында катышкан жокмун. Ишеним катты Сайдулла Нышановго бергем. Мен анда Садыр Жапаровдун премьер-министрликке коюп жатканынан кабарым жок болчу.

Бүгүнкү күн тартибинде эмне маселелер талкууга коюлары жөнүндө маалыматым жок«, — деп билдирди депутат.

Бүгүн, 13-октябрда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйынга чогулуп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты