Зайнидин Курманов​: Садыр Жапаровду бир да мамлекеттин премьер-министри куттуктаган жок

  • 4 года мурун

Садыр Жапаровду бир да мамлекеттин өкмөт башчысы, анын ичинде жакынкы коңшулардын арасынан, куттуктаган жок. Демек, аны премьер-министр катары таанышкан жок.

Бул тууралуу пикирин профессор Зайнидин Курманов ЖМКга билдирди.

Курманов ошондой эле чет өлкөлүк басылмалар Садыр Жапаровдун кишини барымтага алуу боюнча айыпталып чыкканын жазганы тууралуу айтты.

Биз эми кредит да, грант да албай калышыбыз, пандемияда азап тартып калышыбыз мүмкүн экенин Зайнидин Курманов эскертти.

Жогорку Кеңештин депутаттары 10-октябрда мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында өткөн жыйында Садыр Жапаровдун премьер-министрликке талапкерлигин колдошту. Кыргызстандын өкмөтүн түзүү боюнча токтом долбоору кабыл алынган.

Бир катар депутаттар, коомдук-саясий ишмерлер парламенттин 10-октябрдагы жыйыны кворум жок өткөнүн жана андагы кабыл алынган чечимдер мыйзамсыз экенин айтып чыгышты. Ал тургай бул жыйынга барган айрым депутаттар басым-кысымга кабылганын билдиришүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты