Алмазбек Атамбаев камакка алынды

  • 3 года мурун

Бүгүн 10-октябрда улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Алмазбек Атамбаеди кармаган. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирген.

Маалыматка ылайык, Алмазбек Атамбаевди жана анын жан сакчылары Канат Сагынбаевди, Дамира Мусакеевди кармаган. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына жеткирилди. Алмазбек Атамбаев «массалык чагымчылдыкты уюштуруу» боюнча айыпталганы айтылды.

УКМКнын басма сөз кызматы: «Аталган кылмыш иши боюнча башка дагы уюштуруучулар изделип жатат»- деп билдирди.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды, аны ичинде Алмазбек Атамбаевди бошоткон.

Окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

Эске салсак кечээ, 9-октябрда, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Тилек Токтогазиев тарапкерлери менен биргеликте Ала-Тоо аянтында митинг өткөн. Жыйынтыгында Садыр Жапаровдун тарапташтары менен пикир келишпестик жаралып, Токтогазиев башынан жаракат алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты