Экс-премьер-министр Темир Сариевдин жансакчысы жаракат алды
- 4 года мурун
Бүгүн, 9-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин жана жаш активисттердин митинги үзгүлтүккө учурады.
Митингде бир нече адам сүйлөп бүткөндөн кийин аянтка белгисиз бирөөлөр таш ыргыта башташкан.
Тополоң учурунда Ала-Тоо аянтында бир адам башынан жаракат алган. Кийинчерээк бул экс-премьер-министр Темир Сариевдин жансакчысы экени белгилүү болду.
Андан сырткары “Ата Мекен” партиясынын лидери Тилек Токтогазиев да жаракат алган.
Муну бөлүшүү