​Суваналиев БУУнун ыйгарым укуктуу өкүлү Озонниа Ожиело менен жолукту

  • 4 года мурун

Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү Озонниа Ожиело менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын татаал коомдук-саясий кырдаалдын маселелери талкууланды.

Суваналиевдин айтымында, «кырдаалды курчутууга чагымчыл элементтер тарабынан аракеттер болуп жатат, буга карабастан күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын күчү жана каражаттары кырдаалды көзөмөлдөө үчүн жетиштүү».

Аны менен катар эле, О.Суваналиев күч структуралары жана укук коргоо органдары саясаттан тышкары экендигин белгиледи.

Өз кезегинде Озонниа Ожиело БУУнун Кыргызстандагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирди жана коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу үчүн Кыргыз Республикасына жардам жана колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты