​Бишкекте шашылыш жарандык форум болуп өттү

  • 4 года мурун

Бүгүн, 8-октябрда Жарандык көзөмөл комитети акыркы коомдук-саясий окуялар боюнча шашылыш жарандык Форумун уюштурду.

Форумда коопсуздук, люстрация жана “президенттик, парламенттик шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө пикирлер айтылды.

Жарандык форумдун уюштуруучуларынын бири Динара Ошурахунова төмөнкүлөргө токтолду:

“Өлкөдө башаламандык, биз кимге кайрылаарыбызды билбейбиз. Негизги көйгөй коопсуздук маселеси болууда. Бул маселени координациялык күч структурасынын жардамы менен чечишибиз керек”.

Форумга катышкан Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев өлкөдө кырдаал оор экендигин, саясий күчтөр бири-бирине каршы экендигин айтат:

«Ар бир партиянын тарапкерлери өзүнө тартып, митинг кылып, келише албай жатышат. Мурдагы бийлик, кайра “кеткен жокпуз, иштеп жатабыз”, — деп чыгышты. Президент мыйзамдуумун деп жатат. Учурда жалгыз легитимдүү орган — Коопсуздук кеңеши. Мен орун басарлык кызматымды аткарып, бардык күч кызматтары менен иштеп атабыз. Курал-жарак бар. Көп күчтөр ошол курал-жаракка жетип, кырдаалды күчөтүүнү көздөп турушат. Уюшкан кылмыштуу топтор менен да өлкөнүн туруктуулугун камсыздоо боюнча сүйлөшүп жатабыз. Координация менин милдетимде жана колумда».

Ал эми «Адилет» укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова:

“Активисттер коңгуроо кагып жатышат. Абал оор. Биз жарандык согуштан бир сантиметр алыстыктабыз” – деди.

Анын айтымында, бийлик ушунчалык тез кулайт деп эч ким күткөн эмес.

«Бир лагерде президенттик системаны калыбына келтирүүнү каалагандар бар. Алар референдумдан жана конституциялык өзгөрүүлөрдөн өтүшөт. Экинчи топ президенттин институтун алсыратуу жана парламентти чыңдоо зарылдыгы жөнүндө айтып жатышат” – дейт Чолпон Жакупова.

Бирок, эки топто тең биримдик жок экендигин, учурда көзөмөлдү жоготуп албаш үчүн айрым структураларды мыйзамдаштыруу керек экиндигин айтат:

«Ушундай кырдаалда биздин милдет коопсуздукту камсыз кылуу. Биздин билдирүүлөрүбүздө аскерге жана Саламаттыкты сактоо министрлигине тийбешибиз керек. Алар иштеши керек ” — деп сөзүн жыйынтыктады Чолпон Жакупова.

Форумга жалпысынан 30дан ашык укук коргоочулар, юристтер жана саясатчылар катышты. Алардын арасында укук коргоочу Динара Ошурахунов, Рита Карасартова, саясатчы Равшан Жээнбеков, координациялык күч структурасынан Өмүрбек Суваналиев жана башка укуктук уюмдардын өкүлдөрү бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты