Жогорку Кеңештин депутаттарынын жыйынына журналисттерди киргизбей жатат

  • 4 года мурун

Бүгүн, 6-октябрда, “Достук” отелинде өтө турган Жогорку Кеңешинин депутаттарынын кезектеги жыйынына массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн киргизбей жатат.

Ичинде кандай маселе каралып жаткандыгы белгисиз.

Парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу: “ЖКнын «Достук» отелиндеги кезексиз жыйынына кворум жок. Он чакты депутат келди. Жыйын өтпөй калышы ыктымал” деген билдирүү жасаган.

Айта кетсек, бул жыйынга массалык маалымат каражаттарын, парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу Фейсбуктагы баракчасы аркылуу чакырган.

4-октябрда Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо өткөн. Шайлоонун жыйынтыгына нааразылык митингдери өткөн. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор Ак үйдү басып алышкан.

БШК 6-октябрда шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты