Сапар Исаков убактылуу бошотулган

  • 4 года мурун

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков абак администрациясынын берген укугунун негизинде жети күнгө, башкача айтканда, сот башталганга чейин бошотулганын билдирди.

Ал өз сөзүндө: “Бул жети күн аралыгында сот процесси башталыш керек. Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, соттун жүрүшү ачкын айкын элге көрсөтүлүп, ЖЭБ маселеси бөюнча эл аралык аудит өтүшү зарыл” деп билдирди.

Сапар Исаков Бул жолку сот процеси адилеттүү болсо, кайрадан камакка алынба турганына толук ишенээрин билдирди. Толугу менен акталганга чейин легитимдүү, мыйзам чегиндеги кадамдарга бараарын баса белгиледи.

Эске салсак, камакта жаткан экс-өкмөт башчы Сапар Исаков 6-октябрга караган түнү митингчилердин таасири менен эркиндикке чыккан.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон митингчилер 6-октябрда Ак үйдү басып алышкан.

Өлкөдө укуктук талаага кайтып келиш үчүн координациялык кеңеш түзүлдү. Анын курамына «Социал-демократтар», «Республика», «Ата-Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Бир бол», «Замандаш», «Ордо», «Реформа» , Ыйман нуру», «Афган согушунун ардагердери» партиялары кирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты