Президент Жээнбеков парламенттик шайлоого катышкан 16 партия лидерлери менен жолугат
- 4 года мурун
Президент Сооронбай Жээнбеков эртең, 6-октябрда, парламенттик шайлоого катышкан 16 партиянын лидерлери менен жолугат.
Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Шайлоого катышкан 16 партиянын лидерлери чакырылганы маалымдалды.
Жолугушуу саат 11:00 гө белгиленди.
Бүгүн, 5-октябрла, шайлоочулардын жыйынтыктарына нааразы болгондордун митинги болду. Митингге катышуучуларды милиция аткылап, бир канча адам жаракат алганы маалым болду.
Муну бөлүшүү