Армения Еревандын жанында Азербайжандын учкучсуз учагы атып түшүрүлгөнүн билдирди

  • 4 года мурун

Армениянын абадан коргонуу каражаттары Еравандан алыс эмес жерде Азербайжандын учкучсуз учагын атып түшүрдү. Бул тууралуу Армениянын Коргоо министрлиги билдирди.

Буга чейин министрлик Азербайжан армян калктуу конуштарын аткылаганын кабарлаган. Бир карапайым киши каза тапкан.

Өз кезегинде Азербайжандын коргоо министрлиги Армения тараптан атышуу болгонун билдирүүдө. Өлкөнүн башкы прокуратурасы 19 киши мерт болгонун бышыктоодо.

Азербайжан учкучсуз учактарды Израиль жана Түркиядан сатып алат. 1-октябрда Армения ТИМи кеңешме үчүн Израилдеги элчисин чакыртып алган. Министрлик Бакуга курал-жарак сатуу туура эместигин билдирүүдө.

1-октябрда АКШ, Орусия жана Франция лидерлери Азербайжан менен Армениянын президенттерин ЕККУнун арачылыгы алдында алдын-ала шарт койбой туруп, сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырышкан.

Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшүп келген Тоолуу Карабак аймагындагы абал 27-сентябрдан бери курчуп, атышуу уланууда. Кагылышуудан улам 100дөн ашык адам, анын ичинде жай тургундар мерт болду.

Азербайжан менен Армения 1980-жылдардын аягынан баштап Тоолуу Карабак үчүн тирешип келет. Азербайжандын аймагында болуп, негизинен армяндар жашаган бул аймак өз алдынча бөлүнүп чыкканын жарыя кылган. Дүйнөлүк коомчулук тааныбаган аймакта соңку 30 жылда бир нече жолу куралдуу кагылыштар болгон.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты