Кыргыз эл артисти Калыйбек Тагаев дүйнө салды
- 3 жыл мурун
Кыргыз эл артисти, залкар обончу, композитор Калыйбек Тагаев 80 жаш курагында дүйнө салды.
Калыйбек Тагаев Ат-Башы районунун Бирлик айылында 1940-жылы 14-апрелде туулган.
Калыйбек Тагаевдин шайыр-шаңдуу, терең маанилүү музыка дүйнөсү ар бир адамды өзүнө тартып, жан дүйнөнү тазартып, дем берип турат. Анын “Ат-Башым”, “Долон”, “Назгүлүм”. “Көл вальсы” , “Таалайым сенде”, “Ысык-Көл”, “Эльмира” , ж.б. 100 дөн ашуун обондору белгилүү, бир катар спектаклдерге музыка жазган.
Анын обондору классикага айланып, нечендеген жылдар бою эл оозунан түшпөй ырдалып келет.
Калыйбек Тагаевдин сөөгү 18-сентябрда Ала-Арча көрүстөнүнө коюлары маалымдалды.
Муну бөлүшүү