“Социал-демократтар” ”Бүтүн Кыргызстан” партиясынын шайлоодон четтетилиши боюнча билдирүү жасады

  • 4 года мурун

«Бүтүн Кыргызстан” партиясынын шайлоодон четтетилиши боюнча жасаган билдирүүсүндө “Социал-демократтар” саясый партиясы билдирүүсүндө адилеттүү шайлоону камсыз кылуу үчүн оппозиция-позиция деген кош стандарттуулукту токтотууну, “Бүтүн Кыргызстан” партиясына карата адилеттүү чечим чыгаруу талабы менен тиешелүү органдарга кайрыларын билдирди.

-“Социал-демократтар” саясий партиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясын шайлоо жарышынан чыгарып салуу боюнча чечимди кескин сындайт. Олуттуу электораты бар абройлуу оппозициялык партиянын шайлоо жарышынан четтелиши келечектеги парламенттин легитимдүүлүгүнө жана анын сапатына терс таасирин тийгизет деп эсептейбиз.

Бийликтин аракеттерине сын айткан саясый күчтөрдүн жана алардын электоратынын үнүнүн парламентте угулбай калышы жалпы бийлик бутактарына болгон элдин ишенимин азайтат. Андыктан, “Социал-демократтар” саясый партиясы Кыргыз Республикасынын бардык бийлик бутактарына шайлоонун адилеттүү өтүшүнө өз салымдарын кошууга чакырат.

Адилеттүү шайлоону камсыз кылуу үчүн оппозиция-позиция деген кош стандарттуулукту токтотууну, “Бүтүн Кыргызстан” партиясына карата адилеттүү чечим чыгаруу талабы менен тиешелүү органдарга кайрылабыз, -деп социал-демократтар партиясынын атынан Сейитбек Атамбаев билдирди.

3-сентябрда, Борбордук шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын парламенттин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алган

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты