​БШК “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын талапкерлер тизмесин каттоодон баш тартты

  • 4 года мурун

Бүгүн, 3-сентябрда, Борбордук шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын парламенттин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Саясий партиялардан документтердин кабыл алуу боюнча жумушчу комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартууну сунуштаган. Анын себеби аталган партиядан келген документтерди кароо учурунда партиянын съездин өткөрүү учурунда бекитилген талапкерлердин тизмесинде туура эместиктер кеткендиги белгиленди.

БШКнын жумшчу тобу мындай жүйөнү келтирди:

-конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси саясий партиянын мөөрү басылып, колу коюлуп, БШКга берилиши керек.

Бирок БШКга каттоого берген талапкерлер тизмеси “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын съездинде көрсөтүлгөн жана делегатттар добуш берген тизмеси менен дал келбегендиги аныкталган.

Андан тышкары партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан берилген видеодо добуш берүү купуялыгы сакталбагандыгы аныкталган.
Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 2-бөлүгү боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөтүү чечими купуя добуш берүү менен кабыл алынат.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү берген видеодо добуш берүү купуялыгы сакталган эмес, добуш берүү кабиналары болгон эмес, делегаттар шайлоо бюллетенин ачык эле толтуруп, аларды добуш берүү урнасына бүктөбөй эле салып жатышат, урнанын ичинен ким кимге лобуш бергени көрүнүп турат.

Ошентип, жумушчу тобу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын съездинде Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү тартиби бузулган.

Конституциялык мыйзамдын 7-бөлүгүнө ылайык, талапкерлерли көрсөтүү тартиби бузулгандыгы партиянын талапкерлер тизмесин каттоодон баш тартууга негиз берет.

Жогоруда айтылгандарды эске алып, Борбордук шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясын каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.

Жумушчу топтун сунушуна БШКнын 9 мүчөсү макул, 2 мүчөсү каршы болду.

БШК 2-сентябрдагы жыйынында Турсунбай Бакир уулунун “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон өткөрбөө тууралуу арызын карап, аны канааттандырган эмес. БШК Турсунбай Бакир уулуна сотко кайрылууга сунуш берген.

.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты