​Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келди

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары жаңы шайлоого аттангандыгына байланыштуу алардын ордуна башкалары келди.

28-августтагы БШК жыйынында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Жогорку Кеңешинин депутаты Алтынбек Жунус уулунун депутаттык полномочиеси токтотулду. Анын ордуна Нурлан Сырдыбаев Жогорку Кеңештин депутаты деп таанылды.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Зиядина Жамалдинов «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого бара жаткандыгына байланыштуу, анын ордуна Осмон Турдумамбетовго депутаттык мандат ыйгарылды.

“Кыргызстан” саясий партиясынан Данияр Төлөнов мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшырып, анын ордуна Мээримбек Койчуманов депутат болуп келди.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Башкы сүрөттө: Мээримбек Койчуманов. БШК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты