​Канатбек Исаев: «Кыргызстан» партиясынын документтери өз убагында берилген

  • 4 года мурун

«Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев 25-августта Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) документ тапшырууга байланышкан чыр тууралуу маалымат берди.

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берген учурда партия өкүлдөрү штабдан кечки саат 18.00гө 20 мүнөт калганда БШКны көздөй чыгып кеткенин билдирди. Бул убакыт БШКнын имаратына жетип, документ тапшырыш үчүн жетишүү болгонун, бардык документтер өз убагында берилгенин айтты:

«Биздин партиянын өкүлү Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратына 18.00гө чейин барган. Анын баары каттоого алынган».

Канатбек Исаев документ тапшырган убакыт чийилип оңдолуп, 17.59 деп жазылганы боюнча жоопкерчиликти толугу менен БШК аларын, ага партиянын тиешеси жок экенин кошумчалады. Эгерде БШК партияны каттабаса, сотко кайрыла турганын белгиледи.

24-августта «Кыргызстан» саясий партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин катташ үчүн документ кабыл алуунун мөөнөтүнө байланыштуу чыр чыккан. Документ алып келген өкүлдөрдү каттаган журналда «Кыргызстан» партиясы документ тапшырган убакыт чийилип оңдолуп, 17.59 деп жазылган. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул маселе жумушчу топтун жыйынында талкууланарын билдирген.

Мыйзам боюнча БШК Жогорку Кеңешке шайлоого бара турган партиялардан талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди кабыл алууну 24-августта саат 18:00гө чейин токтотушу керек.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Үгүт иштери 4-сентябрда башталат.

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылы 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты