«Кыргызстан» партиясын каттоодогу катачылыктар боюнча УКМКга кайрылышты

  • 4 года мурун

«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова БШКнын «Кыргызстан» партиясын каттоодогу мыйзам бузуулары боюнча Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетине кайрылды.

Бул тууралуу Клара Сооронкулова билдирди.

Анда айтылгандай, 2020-жылдын 24-августунда Борбордук Шайлоо Комиссиясынын кызматкерлери тарабынан «Кыргызстан» партиясынын талапкерлерин каттоого алууда одоно мыйзам бузууларга жол берилди.

  • «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин талаптары, документ кабыл алуу мөөнөтү бузулду;
  • Документтер партиянын ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан эмес, өкүлдүккө тиешеси жок кишиден кабыл алынды;
  • Каттоого алуу журналындагы жазуулар оңдолгон. Документти берүү фактысына партиянын өкүлүнүн колу коюлбагандыгы сыяктуу мыйзам бузууларга жол берилгендиги белгиленди.

Ошондон улам, БШК кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесин бузуп, кызматтык жасалмалоо, бурмалоого жол бергендиги боюнча жоопко тартуу сунушталды.

Кечээ «Кыргызстан» саясий партиясын БШКдан парламенттик шайлоого каттоо боюнча чыр чыккан.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты