Кембридж университети экс-президент Роза Отунбаевага илимий кызматкер болууну сунуштады
- 3 years мурун
Экс-президент Роза Отунбаева 2020-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын октябрь айына чейин Кембридж Университетинин Борбордук Азия боюнча Форумунун жана GCRF-COMPASS программасынын чакырылган илимий кызматкери болуп шайланды.
Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фонду маалымат берди.
Кембридж университетинин Борбор Азия боюнча Форуму (GCRF) Борбор Азияны жана Евразияны изилдеп, үйрөнүү боюнча изилдөө борбору болуп саналат. Ал аталган регионду изилдөөгө өзүнүн ишмердигин арнаган Кембридж университетинин ар түрдүү департаменттеринин окумуштууларынын, изилдөөчүлөрүнүн жана студенттеринин башын бириктирип турат.
Кембридж университети Англияда жайгашкан, дүйнөдөгү кадыр-барктуу жогорку окуу жаы болуп эсептелет.
Муну бөлүшүү