​Бир катар партиялар парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты

  • 4 года мурун

18-августта “Эмгек”, “Бирик”, “Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы”, “Бийлик- элге” партиялары алдыдагы парламенттик шайлоого катышуудан баш тарткандыгын Борбордук шайлоо комиссиясына билдирди.

Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин“ Кыргызстан коммунисттер партиясы”, “Демократ”, “Кыргызстан агрардык партиясы” парламенттик шайлоого катышпай тургандыгын БШКга билдирген.

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылдын 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан.

Парламенттик шайлоого 44 партия катыша турган болгон. Эми 37 саясий партия катышмакчы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты