​“Демократ” саясий партиясы парламенттик шайлоодо ат салышуудан баш тартты

  • 4 года мурун

“Демократ” саясий партиясы парламенттик шайлоодо ат салышуудан баш тартты.

Бул тууралуу партия Борбордук шайлоо комиссиясына кабарлаганын БШК басма сөз кызматы билдирди.

БШК жыйынында бул маселени 17-августта карады. Аталган партиянын ишенимдүү өкүлдөрүн каттоо четке кагылды, алардын каттоо күбөлүгү жокко чыгарылды.

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылдын 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан.

Праламенттик шайлоого 44 партия катыша турган болгон. Буга чейин Кыргызстан коммунисттер партиясы парламенттик шайлоого катышуудан баш тарткан. Эми 42 партия катышмакчы.

Маалыматтарда «Демократ» партиясы «Бир бол» партиясы менен кошулуп, шайлоого барары айтылууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты