Нурсултан ​Назарбаевдин небереси Айсултан каза тапты

  • 4 года мурун

Казак маалымат агенттиктери 16-августта Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин жээн небереси Айсултан Назарбаевдин каза тапканын кабарлашты. 17-августта Айсултандын сөөгү Алматыда жерге берилер айтылууда.

Маалыматтарга караганда, Айсултан Назарбаев 16-март күнү кечинде Лондондо жүрөгү токтоп мерт болгон.

Дарига Назарбаева уулунун каза тапканын тастыктады. «Менин үй-бүлөм сүйүктүүбүз Айсултандын кайтыш болгонуна терең кайгырууда. Биз үчүн өтө оор ушул учурда коомчулук орду толгус жоготуубузга түшүнүү менен сый мамиле жасайт деген ниеттебиз» деди ал.

КазТАГ агенттиги бир катар көз карандысыз булактарга таянуу менен анын сөөгү 17-августта Алматыга коюларын жазды.

30 жашка чыккан Айсултан Назарбаев Казакстандын сенатынын экс-спикери Дарига Назарбаева менен анын мурдагы күйөөсү, маркум Рахат Алиевдин кичүү уулу. Ал Улуу Британиянын «Сандхерст» аскердик академиясын бүткөргөн. Мекенине кайтып келгенден кийин Казакстандын Коргоо министрлигинде иштеген. 2017-жылы жети айдай Казакстандын футбол федерациясынын вице-президенти болгон.

Ал былтыр октябрда Лондондо полицияга кол салган деген айып менен шарттуу кесилген. Буга анын баңгизат чегип алган абалында полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, алардын бирин тиштеп алганы себеп болгону кабарланган. Натыйжада Назарбаевдин небереси 140 сааттык коомдук жумушка чегерилип, баңгизат көз карандылыгынан арылыш үчүн атайын сабактарга барууга милдеттендирилген.

Айсултан быйыл жыл башында Улуу Британиядан саясий баш калка сураган. Соңку мезгилде ал өзүнүн жакын туугандарына ар кандай дооматтарды тагып, Казакстандын бийлигин сындап келген.

Сүрөт: Социалдык тармактардан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты