12 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды
- 4 года мурун
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Ош шаарында жана Баткен облусунда – 3төн; Чүй жана Жалал-Абад облустарында – 1ден, Чүй облусунда – 1ден, Ош облусунда – 4
Бир суткада 3 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды.
Мындан сырткары үй карантининен 10 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3030 учур катталды, алардын ичинен 2328 медкызматкер айыгып чыкты.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү