​Жээнбеков: «Ар бир жаран билдирүү менен чыгып жатып, өзүнүн да жоопкерчилигин унутпашы керек»

  • 4 года мурун

Ар бир жаран коомчулукка кандайдыр бир билдирүү менен чыгып жатып, башканын жоопкерчилигин талап кылып жатып, өзүнүн да жоопкерчилигин унутпашы керек» деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков 15-августтакоомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде мамлекет башчынын дарегине сын айткан журналисттердин, блогерлердин жана жарандык активисттердин суракка чакырылганы тууралуу суроого жооп берип жатып.

«Мен бул суроо боюнча аянтча болсо, айтсамбы деп жүргөм. Буга чейин бир нече ирет айткам. Азыр дагы кайталап кетсем. Күчтүү жарандык коом жана сөз эркиндиги кайсы гана өлкөнүн болбосун, өнүгүүсүнө жакшы түрткү болот. Албетте, бул эркиндиктин артында чоң жоопкерчилик бар. Бул өзүнчө кеп»,деди Жээнбеков.

«Ар бирибиз өз милдетибизди аткарышыбыз керек. Мен Президент катары өз милдетимди аракет кылып, аткарып жатам. Милиция өз милдетин аткарат. Журналист же активист сындап жазат. Сүйлөйт. Сындап жазып, сүйлөп, ал да өз ишин аткарып жатат.

Алдыда чоң саясий иш жакындап калды. Парламенттик шайлоо болот. Анын алдында да өзүнө көңүл бурдургусу келгендер болот,өзүн элге тааныткысы келгендер болот. Мунун баары табигый көрүнүш. Буга ар бир саясатчы, мен баш болуп даяр болушубуз керек» деп баса белгиледи мамлекет башчы.

Ошону менен бирге, ар бир жаран коомчулукка кандайдыр бир билдирүү менен чыгып жатып, башканын жоопкерчилигин талап кылып жатып, өзүнүн да жоопкерчилигин унутпашы керектигин белгиледи.

«Саясий же жөн гана адамдык маданияттын алкагында талаш, сын, талкуу болсо, ал туура көрүнүш. Жогоруда айттым. Дагы кайталап айтам. Милиция да өз ишин аткарып жатат деп. Бирок мен, Президент катары, мына ошондой суракка чакырып, мени коргоого муктаж эмесмин» деди Жээнбеков.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты