Быйыл 1-класска 156 миңден ашык окуучу кабыл алынат
- 4 года мурун
Балдарды мектепке электрондук түрдө жаздырууну ишке киргизүү улантылууда.
2020-2021-окуу жылында 1-класска 156 миң 430 окуучу кабыл алынмакчы.
Бул тууралуу өкмөт жыйынында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.
Долбоор пилоттук режимде Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Токмок жана Кара-Балта шаарларында жайылтылган,
2021-жылы башка ири шаарларда жана бир нече райондордо аны ишке киргизүү пландаштырылууда.
Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы кабарлады.
Муну бөлүшүү