​Саясат талдоочу Айданбек Акматов ИИМде сурак берди

  • 4 года мурун

Айданбек Акматовдун айтымында, 22-июнда «Фейсбуктагы» баракчасына «Олигархат же үч баштуу ажыдаар» деген посту үчүн 11-августта Ички иштер министрлигине (ИИМ) күбө катары сурак берип чыкты.

Айданбек Акматов социалдык тармактагы баракчасына «2010-2015-жылдары олигархтар партия түзүп, мамлекеттик саясатка аралашып, мамлекеттин ресурстарын талап-тоноого активдүү киришкенин» жазган. Ал «азыркы президент Сооронбай Жээнбеков олигархтарды колдонуп парламент түптөп жатканын, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да ушундай кылганын» билдирген.

Акматов ИИМге суракка чакырылышын саясий көз карашы менен байланыштырды.

«Менин посттум ua.kg деген сайтка чыгыптыр. Ошол сайтка чыккан материалдын негизинде сотко чейинки териштирүү жүрүп жатыптыр. Бул менин саясий аракетиме байланыштуу кысым-басым. Мындан башка эч кандай негиз жок. Кыргызстанда Конституция боюнча адамдар өз оюн ачык билдирүүгө укуктуу. Мен республикада болуп жаткан саясий процесс боюнча көз карашымды, оюмду талдап жазгам. Ушундай иштер улана берсе кайда барабыз? 30-жылдардагы окуялар да күлкүлүү болуп калды» деди Акматов.

Азыркы бийликтин ишмердигин сындап келе жаткан Айданбек Акматов быйылкы парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен бара турганын кошумчалады.

Кыргызстанда адамдар социалдык тармакка жазган билдирүүлөрү үчүн күч түзүмдөрүнө суракка чакырылган окуялар көп. Жакында эле «Фейсбуктагы» «Меместан» деген баракчанын администратору Арген Бактыбек уулу жана анын аялы милицияга сурак берип чыгышкан.

Буга чейин бишкектик стендап-комик (stand-up comedy) Назгүл Айылчынова 15-июлда УКМКга күбө катары сурак берген. Ал суракка кирип чыккандан кийин «Фейсбуктагы» баракчасындагы бир нече билдирүүлөрдү өчүргөн. Андан мурдараак стендап-комик телефондогу «Doublicat» тиркемеси менен президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөтүн пайдаланып жасаган видеону социалдык тармактарга бөлүшкөн.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты