Күз-кыш мезгилинде электр энергиясы тартыш болушу мүмкүн
- 4 года мурун
Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу алдыдагы күз—кыш мезгилинде электр энергиясынын тартыштыгы күтүлүүдө.
Бул тууралуу өлкөдөгү жалпы электр энергиянын 40% бөлүштүргөн «Түндүк электр» компаниясы билдирди.
Компания мындай билдирүүсүн өткөн жумада Бишкекте аныкталган майнинг-ферманын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугуна байланышкан талаш-тартыштан кийин жарыялады. «Түндүк электр» ал мыйзамсыз иштеп келгенин белгилеген. Компания электр энергиясынын тартыштыгы күтүлүп жаткандыктан, майнинг-ферманын ишмердүүлүгү үчүн техникалык шарттарды түзүп бербей турганын билдирүүдө.
Өкмөт быйыл суу аз болорун 2020-жылдын башында эле болжолдогон. Суу сактагычтардын көбүндө суунун деңгээли нормадан 10-12% аз болору айтылган.
Кыргызстанда суу ресурсу дээрлик толугу менен өз аймагында калыптанат. Өлкөдө суу ресурстары 6 580 мөңгүдөн топтолуп, алардын запасы 760 миллиард куб метрди түзөт.
Ошол эле маалда өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасы экономиканын эң көп сынга алынган тармагы болуп эсептелет.
Кыргызстан 2010-жылдан бери «Датка-Кемин» линиясын курууга 390 миллион доллар, Бишкек ЖЭБин модернизациялоого 386 миллион доллар, «Датка» подстанциясын курууга 208 миллион доллар, Токтогул ГЭСин модернизациялоого 450 миллион доллар (жарымы грант) насыя алган.
Бул үчүн Кыргызстан 2045-жылга чейин 160 миллиард сомго тете насыя төлөп бериши керек.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.