КТРК кызматкери Нурзат Ниязова дүйнөдөн мезгилсиз кайтты
- 4 года мурун
Узакка созулган оорудан улам, 39 жаш курагында Нурзат Ниязова дүйнөдөн кайтты.
Бул тууралуу КТРК сайт жазды.
-Биз чогуу иштеген кесиптешибизди гана эмес, өз ишин мыкты билген профессионал, чыныгы инсандык сапаттарга ээ болгон мыкты адамды жоготтук, -деп айтылат анда.
Маалымдалгандай, Ниязова Нурзат 1981-жылы 12-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөн.1999-жылы Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин алдындагы гуманитардык билим институтунун котормочу адистиги боюнча факультетин аяктаган.
2006-жылы Корпорациянын курамындагы республикалык радиотеле борборго ишке алынып, КТРКнын расмий сайтынын калыптаныш мезгилинен бери эмгектенген. 2015-жылдан тартып, Нурзат Ниязова КТРКнын расмий сайтын колдоо бөлүмүндө жетекчилик кызматында иштеп келген. Артында үй-бүлөсү, эки баласы калды.
«Нурзат Шаабековнанын жаркын элеси, мыкты адамдык сапаттары жана кылган эмгеги жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат!» дешет кесиптештери.
Сүрөт: Интернет булактарынан.