​Жээнбеков Бишкектеги жаңы сейил бакка Адинай Мырзабекованын ысмын ыйгарууну сунуштады

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын түштүк тарабында жаңы сейил багы пайда болот. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-августта, сейил бакка барганда коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө баа жеткис салым кошкон дарыгерлердин жана ыктыярчылардын элесине арнап, ага Адинай Мырзабекованын атын ыйгарууну сунуштады.

«Биз да Адинайдын элеси көп жылдар бою сакталып калышын каалайбыз. Бул сейил бакка келген ар бирибиз Адинайдын жана биздин баатыр дарыгерлерибиздин жаркын элестерине таазим этели. Адинай келечекте дарыгер болууну кыялданып жүрүп, илдетке каршы алдыңкы сапта ыктыярчы катары күрөшүп жатып, өз өмүрү менен кош айтышты. Мындай кызды тарбиялап чоңойткон ата-энесине таазим этем жана терең кайгыруу менен көңүл айтам», — деп белгиледи мамлекет башчы.

Жаңы сейил бак 8 гектардан ашык аянтты ээлейт. Анда спорт аянтчалары, велосипед жолдору, 300 орундуу амфитеатр жана медпункт жайгашкан. Бүгүнкү күндө бардык жумуштар аяктап, сейил бак жакын арада пайдаланууга берилет.

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан акыркы бир жылда борбордо жалпы аянты 28 гектардан ашуун 3 ири жаңы сейил багы курулуп, жалпы аянты 30 гектардан ашуун дагы төрт сейил бактын курулушу улантылууда.

Коронавируска чалдыккандарды дарылоо жаатында иштеген медиктердин катарында Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын студенти, ыктыярчы, 21 жаштагы Адинай Мырзабекова да болгон.


Адинай Мырзабекова ыктыярдуу эмгеги жана коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн «Эрдик» медалы менен (курман болгондон кийин) сыйланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты