Түркия жана БАЭ менен аба каттамдары калыбына келтирилди
- 4 года мурун
Эки тараптуу сүйлөшүүлөргө ылайык, 7-августта Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары менен аба каттамдары жанданды.
Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев 10-августтагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, «Авиа Траффик» авиакомпаниясы жумасына эки жолу Бишкек-Стамбул-Бишкек багыты боюнча, аптасына бир ирет Бишкек-Анталья-Бишкек багыты боюнча каттамды ишке ашырып жатат.
Ошондой эле «Түрк аба жолдору» жана «Пегасус» компаниялары Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча жумасына эки жолу каттайт.
«Флай Дубай» авиакомпаниясынын Дубай-Бишкек-Дубай багыты боюнча каттамы жумасына бир жолу жүргүзүлөт.
Эл аралык каттамдардын жаңыдан киргизилген тартибине ылайык, бул авиакомпаниялардын билеттерин сатып алып, Бишкектен Стамбулга эркин учуу каралса, Стамбулдан Бишкекке Кыргызстандын жарандары гана коё берилет.
Кыргыз өкмөтү азырынча чет элдик жарандарды өз аймагына киргизүүгө тыюу салган быйылкы жаздагы токтомун жокко чыгара элек. Ошондуктан дипломаттар, расмий делегациянын мүчөлөрү, жумуш визасынын ээлери, кыргызстандык жакын тууганы барлар, жүк ташуучулар, машинисттер жана учкучтар сыяктуу чет элдик жарандардын категориясы гана өлкөгө кире алат.
Быйыл март айынын соңунда Борбор Азия чөлкөмүндө Казакстандан кийин эле Кыргызстанда коронавирус илдети катталып, буга байланыштуу өлкөдө өзгөчө кырдаал жана андан кийин өзгөчө абал режими жарыяланган. Эки жарым айга созулган карантин бүткөн соң таажы вирусунун жайылышы күчөп кеткен.