№1 түзөтүү мекемесинин медициналык-санитардык бөлүм башчысы баңгизат менен кармалды
- 4 года мурун
- Баяндар
№1 Түзөтүү мекемесинин медициналык-санитардык бөлүм башчысы Т. З. баңгизат менен кармалды.
Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Анын айтымында, 7-августта болжол менен саат 09.50 чамасында №1 түзөтүү мекемесинин көзөмөл өткөрүү пунктунда мекеменин медициналык-санитардык бөлүмүнүн башчысы Т.З нын колундагы эки баштыктан өзгөчө жыты бар, жашыл түстөгү, салмагы болжол менен 2 кг.975г. баңги зат табылып, алынды.
Муну Жаза аткаруу кызматынын ички иликтөө кызматы №1 түзөтүү мекемесинин ыкчам кызматкерлери менен бирдикте жүргүзүлгөн атайын иш-чаранын негизинде аныктан чыкканы айтылды.
Аталган факты кылмыш-жаза бирдиктъъ реестринин малыматты эсепке алуу журналына катталды. ЖАМК тергөө кызматы тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы билдирилди.
Сүрөттөр: ЖАМК басма сөз кызматы.