​Санкт-Петербургда таланттуу сүрөтчү Туман Жумабаев дүйнө салды

XXI кылымдын Рембрандты» деп аталып жүргөн кыргыздын таланттуу сүрөтчүсү Туман Жумабаев Санкт-Петербург шаарында оорудан улам 58 жашында дүйнө салды.

Бул тууралуу анын туугандары кабарлады.

Туман Жумабаев соңку кырк жылга жакын убакыттан бери Россияда, Санкт-Петербург шаарында жашап жүргөн.

Санкт-Петербургга барып жашап калгандыгы тууралуу анын мындайча эскергени бар:

“Питерге барууну атам сунуштаган эле. Ал Питерди жакшы билчү” деген.

Туман Жумабаев кыргыз жерине, кыргыз маданиятына болгон сүйүүсү так дал ошол Питерге барганда күч алганын айткан.

“Мен ал жактан көбүрөөк кусаланып, Кыргызстанды мурдагыдан да бекем сүйүп калдым. Кыргыздын Гапар Айтиев, Семен Чуйков, Сүймөнкул Чокморов сындуу сүрөтчүлөрүнүн эмгектерине тереңирээк сүңгүп кирдим” деген.

Туман Жумабаев Санкт-Петербургда жашап жүрсө да, кыргыз жерин, гүлдөрүн — кызгалдагын, кыргыздын жашоо-турмушун чагылдырып, көргөзмөлөрүндө дүйнө элдерине тааныштырып келген.

Анын сүрөттөрү дайыма кымбат баада сатылганын айтышат. Бирок бул тууралуу өзү “Сүрөттүн баасы кымбат эмес, ички дүйнөң баа жеткис болушу керек” дечү.

2020-жылдын февраль айында Туман Жумабаев Питерде “Силерге жазды тартуулайм” аттуу көргөзмө уюштурган.

Туман Жумабаев 1979-жылы Ленинград шаарына көчүп барган. 1981-1985-жылдары Лениграддагы В. Серов атындагы көркөм сүрөт окуу жайында окуган, 1985-1991-жылдары Ленинграддагы Репин атындагы живопись, скульптура жана архитектура институтун аяктаган.

Парижде өткөн “Кызгалдактуу талаа” аттуу эл аралык көргөзмөнүн эки жолу лауреаты болгон. Анын жеке көргөзмөсү Россия, АКШ, Польша, Венгрия, Австрия, Вьетнам, Иран , Франция, Кытайда ж.б. уюштурулган.

Санкт-Петербургда жана Москвада анын TUMAN ART Gallery жеке галереясы бар..

Кыл калеми менен дүйнөгө таанылган сүрөтчү Туман Жумабаев 1962-жылы 10-мартта Кыргызстанда, Жалал-Абал облусунун Аксы районунун Кара-Суу айылында туулган.

Туман Жумабаевдин калемине таандык айрым сүрөттөр.

Сүрөттөр:Туман Жумабаевдин жеке галереясынан алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты