Бейрут портундагы жарылууда каза болгондор 135 кишиге жетти

  • 4 года мурун

Reuters агенттиги жарыялаган акыркы маалыматтар боюнча, жарылуудан каза болгондор кеминде 135 кишиге жетти. Бийлик каза тапкандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдирди. Ушу тапта ондогон адам дайынсыз болууда. Аларды издөө иштери уланууда.

Бейрут деңиз портундагы жарылуу 4-августта болгон. Андан беш миңден ашык адам жаракат алып, 250 миң тургун үй-жайсыз калды. Жарылуу катуу болгондуктан андан кыйла алыс жайгашкан имараттардын да эшик-терезелери күбүлүп түшкөн. Мындан тышкары шаардагы эгиндин 85 пайызы сакталган кампа да күйүп кеткен. Жалпы чыгым кеминде 3 миллиард доллар деп бааланууда.

Жарылууга байланыштуу Бейруттун аймагына эки жумалык өзгөчө абал режими киргизилди. Бийлик тергөө иштерин тез арада аяктоону убадалады.

Ливандын өкмөтү жарылууга дээрлик 3 миң тонна аммиак селитрасынын туура эмес сакталгандыгы себеп болгонун билдирген. Маалыматка караганда, аммиак селитрасы порттогу кампада 2014-жылдан бери сакталып турган.

Селитра Молдованын желеги менен бараткан орусиялык ишкерге таандык кемеден конфискацияланган. «Росус» деп аталган кеме 2013-жылы Грузиянын Батуми шаарынан чыгып, Мозамбикке багыт алган. Орто жолдон техникалык мүчүлүштүктөр болуп, Бейрут портуна токтогон. Ливан бийлиги кемедеги селитраны конфискациялап, экипаж мүчөлөрүн кое берген.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Сүрөт: AP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты