37 медициналык кызматкерге коронавирус жукту
- 4 года мурун
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 37 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Анын ичинде:
- Ош шаарында жана Жалал-Абад облусунда– 13төн;
• Ош жана Ысык-Көл облустарында – 2ден;
Баткен облусунда – 6;
Нарын облусунда – 1.
Ал эми бир суткада 5 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 34 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2911 учур катталды, алардын ичинен 1973 медкызматкер айыкты.
6-августтагы маалымат боюнча Кыргызстанда бир суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 549 учуру катталды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү