​Ысык-Көл облусуна кирүү шарттары өзгөрдү

  • 4 года мурун

5-августтан тартып Ысык-Көл облусунун кире беришинде жайгашкан Ак-Кеме жана Кызыл-Омпол санитардык-карантиндик посттор алынды.

Чечимди облустук штаб кабыл алды.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаевдин айтымында, санитардык-карантиндик посттордо иштеп жаткан медиктер жана мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер өз ордунда иш алып баруусу керек.

Медиктер, райондук мамлекеттик администрация жана мэриялардын кызматкерлери кезек менен посттордо нөөмөттө туруп келишкен.

Алар өз ордунда иштеши керек. Эгерде постторду иштетүүгө муктаждык болсо, бизде тиешелүү алгоритм бар” деп белгиледи облус башчы.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты