Кыргызстанда АИВдин (ВИЧ) жаңы 1200 учуру аныкталды

  • 4 года мурун

Беш жылда USAIDдин Борбордук Азиядагы АИВ (адамдын иммундукдефицит вирусу) боюнча «Флагман» долбоору Кыргызстанда 57 миң АИВ тестин өткөрүп, жаңы 1200 учурун аныктоого жардам берген.

Аталган долбоор аркылуу АИВ менен жашаган дээрлик 2 миң адам дарыланууну баштаган же улантышкан. Ушул жана башка долбоордун ишинин натыйжалары бүгүн долбоордун жабылышына арналган онлайн-конференцияда талкууланды.

Кыргызстанда АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган “Флагман” долбоору Бишкек жана Ош шаарларын, Ош жана Чүй облустарын камтыган. Бул аймактарда Кыргызстан боюнча АИВ дартынын эң жогорку көрсөткүчү аныкталган.
“АИВ тести эпидемияга каршы күрөшүүдө маанилүү иш-чара болуп саналат. Канчалык көп учурду аныктап, көпчүлүгүн дарыланууга тартсак, ошончолук жакшы болот. Көптөгөн адамдар өзүнө өзү тест жасоонун жардамы менен коопсуз, жашыруун жана акысыз түрдө АИВ тестирлөөсүнөн өтө алышты” дейт долбоордун Кыргыз Республикасындагы координатору Оксана Катькалова.

2016-жылдын май айынан тартып долбоор бул дартка чалдыккан адамдарды дагы көбүрөөк аныктоо жана дарылоо үчүн АИВге текшерүүнү жайылткан.

Акыркы жылда долбоор Кыргызстанга биринчи жолу каалаган киши АИВге өзүн-өзү текшере ала турган тесттерди алып келди. Бул тесттер медициналык уюмга келе албай жүргөн 900дөн ашык адамга өзүн өзү текшерүү мүмкүнчүлүгүн берген.

“Флагман” долбоору АИВ менен жашаган адамдар менен иштеген мамлекеттик медициналык уюмдарга да колдоо көрсөттү. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык СПИД борборуна долбоор АИВ менен жашаган адамдарга байкоо жүргүзүү боюнча иштелип чыккан электрондук системаны өткөрүп берген.

ЮНЭЙДС/ДССУнун маалыматы боюнча, Кыргызстан дүйнө боюнча АИВдин эң жогорку өсүү темптери байкалган өлкөлөрдүн арасына кирет. Бүгүнкү күндө өлкөдө 10 миңден ашык учур катталган, бирок көбүнүн баамында АИВ менен жашаган адамдардын чыныгы саны кыйла көбүрөөк

Сүрөт: уюштуруучулардыкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты