​22 миңден ашык абитуриент колледждерге окууга өтүнмө тапшырышты

  • 4 года мурун

1-турдун жыйынтыгы боюнча КР БИМ тарабынан атайын иштелип чыккан системада https://spuz.edu.gov.kg/ 22 070 өтүнмө катталды.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

3-августтан баштап колледждер окууга тапшыргандардын тизмесин жарыялай баштайт.

3-6-августта – абитуриенттер окуу жайга кабыл алууну каалоосун тастыкташы керек.

Окууга тапшыруучулардын коопсуздугун камсыздоо жана массалык чогулуусун алдын алуу максатында колледждер 3-августтан тартып окууну каалоосун тастыктоо үчүн окууга тапшырган абитуриенттерге телефон чалышат.

Документтердин түп нускаларын студенттер окуу жылдын башында бериши керек.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты