​Ысык-Көл облусунда жеке коргоочу каражаттарды чыгара башташты

  • 4 года мурун

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-августта, Ак-Суу районундагы атайын кийимдерди тигүүчү “Айко-Сейко” ишканасынын иши менен таанышты.

Ишкананын жетекчиси Кубан Жусуев маалымдагандай, ишкана жеке коргонуучу каражаттарды, анын ичинде өлкөнүн күч түзүмдөрү үчүн атайын кийимдерди чыгарат.

“Айко Сейко” деген аталыш япон тилинен которгондо, ийгиликке, тактыкка умтулуу дегенди түшүндүрөт. Япон компаниялары менен ишкердик жаатында байланыштарыбыз бар. Биздин ураан: кыргызстандыктарды ата мекендик өндүрүштөгү кийимдер менен камсыздоо» деп билдирди жетекчи.

Ал өндүрүш үчүн керек болгон сырттан келүүчү компоненттердин чек арада кармалышы тууралуу көйгөйдү айтты.

Россия-Кыргыз өнүгүү фондунун (РКӨФ) төрагасы Азиз Алиев 2018-жылы фонд өндүрүш жана заманбап жабдууларды алуу үчүн бош турган имаратты оңдоп-түзөөгө 590 миң АКШ долларын насыя катары бөлгөнүн маалымдады. Бир жыл ичинде бардык иштер бүткөрүлгөн.

Үстүбүздөгү жылы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен РКӨФ жеңилдетилген чен менен башка товарды — россиялык сертификацияланган материалдардан жеке коргоочу каражаттарды өндүрүүгө 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө насыя берди. Өндүрүлгөн жеке коргоочу каражаттар өлкө аймактарына жеткирилет.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты