​Тасмадагы Жунхайда сатылып аткан товар гумжардам эмес

  • 4 года мурун

Социалдык тармактарда “Дордой” базарынын жанындагы “Жунхай” базарында гумжардамга келген коргонуучу каражаттар сатылып жатат деген видео тарады. Биз бул маалыматты текшерип көрдүк.

Тасмадагы айым Жунхай базарында гуманитардык жардам сатылып жатат деп айтат. Биз Жунхай базарына барып, видео тасмага түшүрүлгөн кызды таап, маектештик. Айсулу апасына жардам берерин айтып, тасма тарктан аялга “Жогору жакка барып, апамдан сураңыз” деген жерин видеонун автору кесип салганын айтат.

Антисептиктер

Видеодон көк жазуулары бар бул антисептикти көрүүгө болот:

Бул көгүш кагазы бар антисептикалык каражат “Таза кол” деп аталып, аны “СВВЗ” ЖЧКсы чыгарат экен.

Бул компания арак-вино чыгаруу менен алек болорун алардын сайтынан билдик.

Мындан сырткары видеодо 1 литрлик кызыл капкагы бар антисептиктер бар.

Бул антисептиктер дагы жогоруда айтылган “СВВЗ” ЖЧКсына караштуу “Таза кол” антисептикалык каражаттары болуп чыкты.









Беткаптар Өзбекстан менен Кытайдан келет

Ал эми видеодон респиратордук беткаптардын эки түрүн көрүүгө болот.

Бул маскалар Өзбекстандан келерин айтат сатуучулар.

Дал ушул маскалар Lalafo аттуу жарнама ресурсунан да табылды — сертификаттагы маалыматка ылайык, маскалар Наманганда чыгарылган.

Беткаптардын айрымы Кытайдан алынып келинген. Бул беткаптарды дагы Lalafo’дон табууга болот.

Видеодогу бир жолу колдонулуучу маскалар Кыргызстандан тигилет жана алардын сертификаттары бар.

Ал эми видеодогу бул товар, бахила жана ал Кытайдан алынып келинет.

Ал эми видеодо шек жараткан дагы бир деталь бар болчу. Ал арабча жазуусу бар кутуча.

Бул кутуча хижама жасоого арналган банкаларга таандык экени аныкталды.

Араб тилин жакшы билген Инаш Азимов бул жазууну которуп берди:

“Исламий хажама. Ким хижама кылдыргысы келсе (хижрий) айдын он жетинчи,он тогузунчу жана жыйырма биринчи күнүнө туш кылганга аракет кылсын». «Мираж түнүндө периштелердин жанындан өткөн сайын баары Эй Мухеммед деп мага хижама кылганды буюруп жатышты «(Хадис)” деп жазылыптыр”, — дейт Инаш Азимов.

Белгилей кетчү жагдай, бул товарлар Жунхай базарынын 4-өтмөгүндө дээрлик бардык сатуучуларда бар.

Жыйынтык: Социалдык тармактарда тараган тасмадагы гуманитардык жардам сатылгандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты