Бир суткада 22 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды
- 4 года мурун
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Анын ичинен:
• Бишкек шаарында – 1;
• Ош шаарында – 4;
• Ош облусунда – 9:
• Жалал-Абад облусунда – 3;
• Ысык-Көл облусунда – 5.
Бир суткада 3 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды.
Үй карантининен 49 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2790 учур катталды.
1-августтагы маалымат боюнча Кыргызстанда бир суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 494 учуру катталды.
Муну бөлүшүү